7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 1 жаштагы бала кайнак сууга күйүп калган

802

Кайгуул кызматкерлери кайнак сууга күйүп калган баланы ооруканага жеткирип, алгачкы жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынанбасма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Салиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинен 1997-жылы туулган А.А. аттуу айым жардам сурап кайрылган. Анын 2021-жылы туулган К.Р. аттуу жаш баласы үйүндө ойноп жатып, кокусунан кайнак суу төгүлүп, денесин күйгүзүп алгандыгын айтып, тезирээк ооруканага жеткирип коюну суранган.

Кайгуул кызматкерлери милициянын старшинасы Чокеев Б. жана милициянын сержанты Азаматов Ж. ошол замат чечим кабыл алып, аларды кызматтык унаага отургузуп, ыкчам түрдө №4-шаардык ооруканага жеткиришкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803