7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядан уурдалган кымбат баалуу унаалар Кыргызстандан табылды

794

Россиядан уурдалган кымбат баалуу унаалар Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Кыргызстандын, Беларусянын жана Тажикстандын жарандарынын уюшкан тобу Россиянын аймагынан кымбат баалуу уурдалган унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы маалымдалган.

Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси (транспорт каражатынын идентификациялык номеринин жасалмасын жасоо, жок кылуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа табылып алынган.

Ошондой эле, алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Хундай Санта-Фе» үлгүсүндөгү Россиянын номуру менен эки унаа табылып алынган.

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, табылып алынган унаалардын кузовунун номурлары колго жасалган ыкма менен өзгөртүлүп, идентификациялык номурдун позициялык белгилери үзгүлтүккө учураган, ошондой эле даярдоочу завод тарабынан алгачкы жазылган кузов номурлары аныкталган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленген кузов номурлары Россия Федерациясынан уурдалып, издөөдө жүргөн унаалар экени белгилүү болгон.

Учурда Россиянын ИИМ кызматкерлери менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795