7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө айыл өкмөттүн мурдагы кызматкери жасалма документ менен жер сатып жиберген

568

Чүй облусунда Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери жасалма документ менен 4 миң долларга жер сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Ал 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4 миң доллар алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө 27-сентябрда кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган Д.А. кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569