7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айымдар «Эмне кием?» деген ой менен өмүрүнүн бир жылын коротот». Алар тууралуу кызыктуу фактылар

690

«Бир карасаң күн нурундай жаркылдап тийип турат, бир карасаң асманды булут каптагандай тез эле өзгөрүлүп калат»,-деген кептерди угуп жүрөсүзбү? Бул сөз кыздардын мүнөзү жөнүндө болуп жаткандай… Ал эми бул макалада кыздар жөнүндө 20 кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. Төмөнкү фактылардан кайсынысы сизге тиешелүү экенин байкап көрүңүз.

1. Көпчүлүк кыздар алгачкы сүйлөшкөн жигиттеринин кайтып келишин күтүп, мамилелерди калыбына келтирүүгө үмүттөнүшөт деп ишенишет.

2. Кыздар жакын адамы менен урушуп кетсе көп убакыт кыйналышат.

3. Алар сөзгө чечен болуп, сөз байлыгы көп болот. Андыктан мырзалар кыздар менен сөз жагынан тең тайлашпай эле койгонуңуз дурус.

4. Сүйүктүүсү менен болгон ар бир мамиле өзүнүн курбу кызына жетип турат

5. Кыздар «көздөн жаш агызган» тасмаларды абдан жакшы көрүшөт жана кайгылуу эпизоддордо көбүнчө ыйлашат. Башкача айтканда эмоцианалдуу келишет.

6. Өзүнө жаккан мырзаны жолуктургандан киийин экөөнүн үйлөнүү тоюн элестетип, балдары кимге окшош болоорун ойлоно баштайт.

7. Аял киши эркектерге караганда түстөрдү көбүрөөк айырмалайт.

8. Кыздар үчүн бир эле көйнөктү кечеге эки жолу кийип баруу трагедия.

9. Алардын чачы түз болсо тармал болгонун каалашат, тармал чач ээлери түз чач болгонун эңсешет.

10. Кыздардын 90% кичине семирип калса эле диетага өтүүнү ойлонуп башташат.

11. Орточо эсеп менен аял “эмне кием? ” деген ой менен өмүрүнүн бир жылын жоготот.

12. Айымдардын жүрөгү мырзаларга караганда тезирээк согот, ошондой эле алар эки эсе көп көзүн ирмешет.

13. Алар жөн гана сүйлөшүүгө көбүрөөк муктаж. Кыздар көбүнчө “Көңүл буруу жетишпей жатат” деп арызданышат. Алар маектешинин сөзүн көпкө жана кылдаттык менен уга алышат.

14. Кирпиктерин боёгондо өздөрү байкабай эле ооздорун ачып алышат.

15. Аялдар эркектерге караганда 25%га чыдамкай келет.

16. Ар бир кыз кишиге өзүнүн сырткы келбетинин бир бөлүгү жакпайт.

17. Кыздар эч себепсиз эле ыйлай алат.

18. Кыздар агрессивдүү балдарды жактырат, бирок болочок жолдошу катары мээримдүүлөрдү тандайт.

19. Сиз кыз менен айлап сүйлөшүп жүрүп, бир дагы жолу анын боёнбогон жүзүн көрбөшүңүз мүмкүн. Эгер ал сизге боёнбой көрүнсө, анда бийкечтин ишеничине ээ болдуңуз дегенди билдирет.

20. Бүгүн кыздын сырткы келбети жөнүндө айткан жаман сөзүңүз, эртең комплекстин пайда болушуна себеп боло алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691