Чүй облусунда Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери жасалма документ менен 4 миң долларга жер сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Ал 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4 миң доллар алгандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө 27-сентябрда кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган Д.А. кармалган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.