7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ака» жана «Шах» деген каймана аттары менен баңгизат сатып жүргөн топ аныкталды

1123

Баңги каражаттарды жеткирүү жана сатуу менен көптөн бери алектенип келген баңгилик топ аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында убактылуу жашаган, “Ака” деген каймана аттагы белгисиз адамдан гашиш сатып алып, өзүнүн тааныштарына кайра сатып жүргөн “Шах” аттуу баңгилик топтун мүчөсү кармалды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Натыйжада, 1968-жылкы И.Ю., 1957-жылкы С.Б. жана 1955-жылкы Б. Ж. аттуу жарандар кармалган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда кара куурайдын өзгөчө жыты бар, өсүмдүк тектүү кара күрөң кесек зат салынган беш ширеңке кутучасы табылып алынган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча биринчи шектүүдөн салмагы 83,18 грамм, экинчи шектүүдөн 19,02 граммды түзгөн зат алынган.

Үчүнчү шектүү Б.Ж. аттуу жарандын үйүн текшерүү жүргүзүү учурунда болжол менен беш литрлик көлөмү бар муздаткычтан кара куурайдын өзгөчө жыты, тик бурчтуу формадагы 476 даана кара-күрөң кесек зат табылып алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 3 килограммдан ашкан.

Кармалгандар Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1124