7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Теринин ала оорусу (витилиго) менен ооруган кыз кантип дүйнөгө таанылды?

1579

Төрт жашында Винни Харлоуго сейрек кездешүүчү “Витилиго” деген диагноз коюлган. Бул териде ак тактар пайда болгон өнөкөт оору. Бирок, ал ушул өзгөчөлүгүнүн артынан атактуу болгон модель. Ал дүйнө жүзү боюнча стандартка туура келбеген биринчи модель. 2014-жылы Винни «America’s Next Top Model» америкалык шоусуна катышып, андан бери Victoria’s Secret, “Nike”, жана “Dior Beauty” сыяктуу дүйнөлүк бренддер менен кызматташат. Бул макалада аталган модель тууралуу айтып беребиз.

Винни Харлоу (Шантел Браун-Янг чыныгы ысымы) 1994-жылы Канаданын Торонто шаарында төрөлгөн. Ал оорусунан улам мектепте баргандан уялып, чөгүп кеткен. Мектепте аны шылдыңдап, «уй», «зебра» деген ырайымсыз аттарды ойлоп табышкан. Бул нерсеге чыдай албай кыз өз жанын кыюуга да аракет кылган. Мындай көрүнүшкө чыдабаган Винни Харлоу мектептен кеткенге аргасыз болгон. Бирок, ал үйүнөн билим алып баштаган.

Анын 2 классташ курбу кызы болгон, бирок алардын ата-энеси инфекция жуктуруп аласың деп жолотпой койгон. Ал күндөрдү эстегенде модель балалык кезин тозок деп айтып келет.

Окууну бүткөндөн соң Винни колл-борборго жумушка орношкон. Ал адамдар менен телефон аркылуу гана баарлашууга туура келген жумушуна ыраазы болгон.
Шеннон Будрам аттуу YouTube жылдызы 2013-жылы кызды фейсбуктан көрүп калып «Natural Me» видеосуна тартылууга чакырган. Дал ошол видео моделдик тармакка жол ачкан. Ал кезде Винни 16 жашта болгон. Кыз модель болууну кыялданган эмес, ал кичинесинен журналист болууну самаган.
Көп убакыт өтпөй Винни таанылып, аны ар кандай проекттерге чакыра башташкан.

“Сиз өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүңүз. Артка чегинбей кайра алдыга умтулуңуз. Менин окуям витилиго менен ооруган адамдар менен эле чектелбейт. Витилиго бул жөн гана өзгөчөлүк, сепкил, тармал чач, безетки… Биз баарыбыз ар түрдүүбүз. Менин кеңешим, кандай көрүнсөңүз да, өзүңүздү кабыл алыңыз”-деп маектеринин биринде айткан.

2015-жылдан тарта Лондондо модель катары подиумдарга чыгып, тасмага тартылып баштаган.

Биринчи олуттуу келишим «Victoria’s Secret» менен түзгөн. Ошондой эле “Sports Illustrated Swimsuit” менен келишим түзүп бикини сүрөттөрүн жарыялаган. Модель үчүн витилиго менен ооруган аял катары бул чоң сыймык болгон.

Бир нече жылдын ичинде ал голливуд жылдыздарынын клиптерине тартылып, мисалы Бейонсенин “Lemonade” клибинде, Siа деген ырчынын “Guts Over Fear”, Сэма Смиттин “Promises” клибинде жана башкаларда тартылган.

Ал бир гана клип эмес, популярдуу болгон Sprite ичимдигинин жарнамаларында дагы тартылып келет.

Модель “Harper’s Bazaar”, “Elle”, “Glamour”, “Complex”, “Cosmopolitan”, “Vogue”, журналдарында фотосессияларга катышкан. Болжолдуу эсеп менен өткөн жылы жылдыз үч миллион доллар тапкан.

Ага кызматташкан бренддердин тизмеси көп. Алар: Marc Jacobs, Moschino, Prabal Gurung, Tommy Hilfiger, Coach, Nike, Swarovski, H&M, Dior Beauty и M.A.C. Андан башка Виннинин Ким Кардашян менен кызматташтыгы дагы белгилүү болгон.

“Сулуулук эмне экенин өзүм түшүнүү үчүн, бардык нерседен сулуулук тапканды үйрөндүм. Ким мен жөнүндө эмне десе да, өзүмдү сүйүүнү үйрөндүм. Бул мага жашоомдогу бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө күч берди”-деп CNN телеканалына берген интервьюсунда билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1580