Бүгүн, 30-сентябрда Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аба күрөш боюнча кыргызстандык курама команда 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Анда, 70 кг салмакта Ирлан Казыбек уулу, 75 кг салмакта Бактыяр Кадырбек уулу 2-орунду, ал эми 80 кг салмакта Шатман Эсенбек уулу 3-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, аба күрөш түрк элинин байыркы күрөш түрүнө кирет. Балбандар атайын кийизден жасалган кийим менен чыгышат. Күрөштүн аталышы да, дал ушул кийимдин атынан коюлуп, “Аба күрөшү” деп аталып калган. Күрөштүн аталган түрү дзюдонун элементтерин камтыйт.