7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

677

Кыргызстандын жарандарын Душанбе шаарындагы Эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Министрлик төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-сентябрына чейин кыргыз тарабы тажик тарабынан Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсү, андан чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүүнү ала элек.

Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлушунун бардык кырдаал жана себептери такталганга чейин Кыргызстандын жарандарынан Тажикстандын аймагына баруу, же Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөлөрдөн келүү, чыгуу сапарларынан убактылуу баш тартууну өтүнөт.

Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жарандарынын укуктары бузулган же аларга карата кысым көрсөтүүлөр көрүнүшү болгон учурда жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ыкчам байланыш телефонундоруна кайрылса болот:

+996 551 312 000 — КРнын ТИМнин Консулдук департаменти;

+992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678