7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды

540

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып жүргөн жаран карамалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көл аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

1988-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы «Хонда СРВ» автоунаасы токтотулуп, ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 гр түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты болгон.

Учурда кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541