Түркияда өтүп жаткан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк бөрү боюнча мелдеш өтүп, Кыргызстан 7:6 эсебинде Түркияны жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдирди.
Беттештин биринчи бөлүгү 4:2 эсеби менен ал эми, экинчи бөлүгү 6:5 эсеби менен жыйынтыкталган. Чечүүчү үчүнчү айланпада Кыргызстан дагы бир упай менен алдыга чыгып беттештин беттештин жеңүүчүсү болду. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Рустам Тыналиев, Майрамбек Рыспеков жана Аудаспек Мырзабек уулу упай алып келди.
Белгилей кетсек, эртең көк пар боюнча беттештер уланат.