7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индонезияда футболдук беттештен кийин 127 адам каза болду (ВИДЕО)

725

Индонезияда футболдук беттештен кийин тополоң болуп анын кесепетинен 127 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Индонезиянын Маланг шаарындагы стадиондо “Арема”жана “Парсебейя” командалары беттешип, натыйжада 3:2 эсебинде жеңишке Парсебейя командасы жеткен.

Буга капаланган Арема командасынын күйөрмандары оюн таласына чыгып, тополоң башталып кеткен.

Полиция кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Тыгын пайда болуп адамдар көздөн жаш агызуучу газдан улам дем ала албай кээ бирлери каза тапкан.

Тополоңдун кесепетинен 127 адам каза болуп, 180дей адам ооруканага жеткирилген.

“Учурда окуя иликтенип жатат» -деп лиганын жетекчилиги билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726