2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлгөн.
Ыкчам иштердин натыйжасында, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.
Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.