Адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда болжол менен саат 00:05 чамасында «102» кызматына Ак-Ордо жаңы конушунда бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1991-жылы туулган У. А. аттуу жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага баргандыгы жана кошунасы мас абалында ага карата ашкана бычагын колдонгондугу аныкталган.
Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, ошол жерде алган жаракатынан улам көз жумган.
Ыкчам иш-чаранын натыйжасында кылмышка шектүү катары, 1988-жылы туулган К.С. аттуу кошунасы кармалып, Ленин райондук ИИБнин Тергө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.