Ош шаарынын аэропортунда Стамбул-Ош каттамы боюнча рейсти бажылык тариздөө процессинде декларацияланбаган сары металл буюмдары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанстандын эки жараны зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып, Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө аракет кылган.
«Анда чынжырлардан 179 даана, билериктен 52 даана болгон. Кармалган товардын жалпы салмагы 2,406 граммды (таза), орточо базар баасы 7 миллион 699 миң 200 сомду түзгөн»,- деп берилет маалыматта.