Бүгүн, 8-октябрда 7-каналдын жалпы жамааты ишенбиликке чыкты. Кызматкерлер ишенбиликтин алкагында карылар үйүнө барып, айлана-чөйрөнү иретке келтирип, чөп-чарларды, бак-дарактардан түшкөн жалбырактарды тазалашты.
Ишенбиликтен соң, концерттик программа уланып, карылар үйүндөгүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Жетекчинин орун басары 7-каналга ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгилик каалады.