7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон иш сапары аяктады

570

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга 11-12-октябрда болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-азербайжан достук паркынын ачылышы болду.

12-октябрда Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда Бишкекте Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жалпы билим берүүчү мектеп ачылды.

Андан соң президенттер азербайжандык белгилүү акын Низами Гянджеви атындагы мектепте болушту.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571