Бүгүн, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлашты.
Төраганын кызмат ордуна Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.