Кыргызстандын тоолорунда орнотулган камерага ак илберстер түшүп калган.
Сейрек кездешүүчү жаныбар тууралуу кызыктуу фактылар:
— Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.
— Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт.
— Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.
— Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын. Окумуштуулар али күнгө талашып келишет, ак илбирстер кичи мышыктар классына киреби же ири мышыктарга киреби?
— Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.
— Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.
— Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай дакое алат.
— Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.
— Ак илбирс түрк элдери эле эмес башка элдерде да ыйыктык катары саналып, тотемдик, символикалык белгилерге айланган. Маселен Тибетте ыйык адамдар ак илбирске айланып кетишет деп ишенишет.
— Ак илбирстин сөлөкөтү бир катар өлкөлөрдүн монета, герб, мамлекеттик белгилерине түшүрүлгөн. Маселен Бишкек шаарынын гербинде да ак илбирс тартылган.