Жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу китеби 72 миң 500 нускада кыргыз тилинде басылып чыгып, бардык региондорго жеткирилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минисрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, андан тышкары мугалимдер үчүн усулдук колдонмо 2400 нускада басылып чыгып, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө берилди.
«Орус, өзбек, тажик тилдериндеги варианттары боюнча басма иштери аяктап, көбөйтүп басып чыгаруу баскычында турат. Ал эми Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондоруна китептерди ушул жуманын ичинде толук жеткирип берүү пландаштырылууда»,- деп берилет маалыматта.