Социалдык тармактарда хайп үчүн Бишкектеги №49 мектепке массалык теракт жасоону убадалаган видео, сүрөттөр тараган. Ал мектептердин биринде 7-класстын окуучусу экендиги аныкталганын Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда өспүрүм бычагы, Макаров маркасындагы тапанчасы жана 34 даана түтүк бомбасы бар экенин айып, “Мен баарын өлтүрөм” деп жазган окуучу.
«Аталган факт Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Окуучу бул кылыгын жаңы катталуучуларды көбөйтүү жана хайп жасоо үчүн жасаганын билдирген», — деп берилет милициянын маалыматында.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.