7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен антитеррордук машыгуусуна катышты

643

УКМК «Манесар-Антитеррор-2022» Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусуна (БАТМ) катышты.

Аталган кызматтан билдиргендей, машыгуу Индиянын (Харьяна штаты) Манесар шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) аткаруу комитетинин координациялоочу ролу жана жардамы менен өттү.

ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин компетенттүү органдары катышкан бирдиктүү пландын алкагында макулдашылган Биргелешкен антитеррордук машыгуу (БАТМ) иш-чаралары бир нече этап менен өткөрүлдү. Биргелешкен антитеррордук машыгуунун (БАТМ) финалдык этабы Индиянын Улуттук коопсуздук гвардиясынын окуу борборунда өттү.

«Биргелешкен антитеррордук машыгуу учурунда, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуунун реалдуу убакыт режиминде (онлайн) механизмдери, атайын антитеррордук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин практикалык чеберчилигин жогорулатуу менен бирге, ШКУнун Биргелешкен антитеррордук машыгуу (БАТМ) ишмердүүлүгүнүн алкагында мурда түзүлгөн Коопсуз маалыматтык-телекоммуникациялык байланыш тутумун пайдалануунун натыйжалуулугу жана өз ара аракеттенүүнүн башка каналдарынын мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. Антитеррордук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу болуп, бул жаатта кызматташууну мындан ары жакшыртуу боюнча демилгелер талкууланды. Машыгуулар, пайда болуп жаткан террордук чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында биргелешкен жооп кайтаруу үчүн мындан ары шарттарды түзүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644