7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү стратегия иштеп чыгууну сунуштады

492

«Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү стратегияны биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл деп эсептейм», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында «Россия — Борбордук Азия» Саммитинде.

Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси азыркы күн тартибинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгилеп, Садыр Жапаров бүгүнкү күндө ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнүн механизмдерин түзүүгө аракет кылып, бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келерине көңүл бурду.

«Ошол эле учурда региондун өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы эске алынган жок. Келечекте, биздин көз карашта, азык-түлүк товарларынын мүмкүн болуучу тартыштыгын болтурбоо жана бири-бирин толуктоо үчүн ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен практикалык чараларды көрүү зарыл», — деди ал.

Президент азык-түлүккө жана энергияга болгон баанын көтөрүлүшү биринчи кезекте калктын аялуу катмарына тийип, кирешесинин эң көп бөлүгүн тамак-ашка сарптаган жакыр үй чарбаларына басым жасап жатканын белгиледи.

«Бул бизди абдан тынчсыздандырат, анткени социалдык жана саясий туруктуулук менен азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү бири-бири менен тыгыз байланышта.

Мындай кырдаалда тамак-аш азыктарынын экспортуна жана импортуна карата колдонулуучу жасалма жол менен түзүлгөн тоскоолдуктар түрүндөгү чектөө чараларынын болбошу өтө маанилүү.

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү стратегияны биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл деп эсептейм», — деди Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493