7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кантта парктын жерин каалагандай иштетишкен кызматкерлерге иш козголду

550

Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркында текшерүү жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркынын жерлери токой фондусуна караштуу жана КРнын жер кодексинин талабына ылайык мамлекеттин менчигиндеги жерлер болуп эсептелинет.

Ал эми, Кант шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мамлекеттин менчигиндеги Эмендүү паркынын жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жок болгондугуна карабастан жеке менчикке жана ижарага мыйзамсыз беришип, токой фондусунун жерлериндеги бак-дарактар жеке жактар тарабынан мыйзамсыз кыйылып, жеке менчик окуу жайы, уруксат берүү документтери жок соода түйүндөрү жана спорт аянтчалары курулуп мыйзамсыз пайдаланылып келген.

Натыйжада бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 26 млн 726 миң 536 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда, Башкы прокуратура тарабынан аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Аталган парктагы жеке менчикке жана ижарага берилген объектилер менен жер тилкелерди мамлекеттин менчигине кайтаруу жана аларды алгачкы калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551