7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Иманкулов Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолукту

435

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Регионалдык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн «Россия-Борбор Азия» Саммитинде сүйлөгөн сөзүнүн контекстинде Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине кеңири токтолду.

Миграциялык каттоонун жол-жобосун өркүндөтүү, ошондой эле КРнын жарандарын легалдаштырууга жана алардын Россия Федерациясында укуктук статусун жөнгө салууга тоскоолдук кылган себептерди четтетүү боюнча россиялык тараптан көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Кыргыз тараптын Россияда эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугуна мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу тынчсыздануусу жеткирилди. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан алардын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болушу мүмкүндүгүн эрте, көз карандысыз жана аралыктан текшерүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Кыргыз тараптын Россиянын аймагынан чыгаруу шарттарын бир аз жумшартуу боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу форматында да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин платформаларында да мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууга даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436