Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү.
Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.
Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында мэрия натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү уланта турганын белгиледи.
“Шаардагы коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ош шаарынын мэриясы ички жана сырткы инвесторлор менен ыңгайлуу шарттардагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында тиешелүү жумуштарды такай жүргүзүп келет. “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен алып барылган жумуштардын натыйжасында шаарыбызга Өзбекстандын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 бирдик автобус сатып алынып келинди. Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алынып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен, эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү”, — деди калаа башчы
Жаңы коомдук транспортторго да “BUS Service” мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.