7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык спортчулар 17 медаль жеңди

543

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык спортчулар 17 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 13-16-октябрь күндөрү Ереван шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 6 күмүш жана 10 коло утту.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 34 спортчу улук машыктыруучулар Анара Жумали кызы, Илгиз Каналбек уулу, Кулумбек Эстебесов, Баатыр Байшериев жана башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында катышты.

Мелдештер кадеттер, жаштар жана өспүрүмдөр арасында өттү. 83 кг салмак категорияда Артур Сансызбеков дүйнө чемпиону болду. Ал эми Кималь Оболбеков (53 кг), Байэл Жакшылыков (79 кг), Нурмухаммед Муратов (71 кг), Алай Сартов (71 кг), Алымбек Адил уулу (98 кг) жана кыз-келиндер арасында 72 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш байгенин ээси болду.

Ошондой эле Темирлан Уланбек уулу (58 кг), Мунарбек Бахтияр уулу (64 кг), Талип Касымбаев (79 кг), Берик Бараканов (58 кг), Даниел Асеков (58 кг), Нурбеков Эрмек (64 кг), Кансултан Сапарбеков (88 кг), Бекбол Назаркулов (+98 кг) жана кыздар арасында Канышай Аманкулова (50 кг), Амина Токтосунова (41 кг) коло байгенин ээлери болушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544