7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыныбекова: «Кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артты. Эми бизди эч нерсе алагды кыла албайт»

649

Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залынын ачылышы болду.

Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына мындан ары кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артып, машыгуу процесстеринен эми бизди эч нерсе алагды кыла албайт деген пикирлерин калтырды.

«Жалпы кыргыз спорту үчүн тарыхый окуя болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залы ачылды. Бул спорттун түрү менен машыгып баштагандан бери өздүк залыбыз жок туруп ири мелдештерден ийгиликтерге жеткенибизге таң калгандар да болбой койгон жок. Токиодогу Олимпиада оюндарынан кийин өлкө жетекчилиги зал маселесин чечип берүүнү убада кылган эле. Эми ошол убада аткарылып, бизге тиешелүү спорт комплексти беш айдын ичинде куруп берди. Мындан ары кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артып, машыгуу процесстеринен эми бизди эч нерсе алагды кыла албайт десек болот. Спортко көңүл буруп, спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан өлкө башчысына терең ыраазычылыгымды билдирем!»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650