7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар болуп өттү

604

Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин Ички иштер министрлигинде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен ИИМдин Академиясынын курсанттары менен студенттерине “Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” аттуу теманын алкагында практикалык семинар уюштурулду.

Семинарды ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү милициянын полковниги Манас Аманбаев өттү. Семинарда Манас Аманбаев тарабынан баяндама жасалып, курсанттар менен студенттерге диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Семинардын аягында курсанттар менен студенттердин суроолоруна жооптор берилип, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган буклеттер таратылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605