7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя кийинки жылдары да берилет»

368

Быйылкы жылга дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен үч жылга чейин кредиттерди беребиз деп республикалык бюджеттен 26 млрд сом бөлдүк эле. Кийинки жылга дагы бөлөбүз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

«Алдыдагы бир беш-алты жылга дыйкандар менен фермерлерди толук камсыз кылабыз деген планыбыз бар. Быйыл кезекке тургандардан насыяга жетпей калгандар болуп атат. Бардыгын бир жылда камсыз кылыш өтө оор экен. Анткени бизде республика боюнча жарым миллион дыйкан-фермерлер бар. Беш жүз миңге бир эле жылда бере коюш кыйын экен, жетпейт экен. Ошондуктан, биз алдыдагы беш-алты жылда жыл сайын үч жылдык кредитти берип отуруп, баардык дыйкан-фермерлерге бергенге мамалекет болгон күчүн жумшайт. Быйыл кезек жетпей калса, эмдиги жылы жетет, эмдиги жылы жетпей калса, аркы жылы жетет, сабырдуулук кылып күтүп туруңуздар»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

369