7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сеулдагы каргашалуу окуяга байланыштуу Садыр Жапаров Кореянын президентине көңүл айтты

824

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Итхэвон районунда орун алган массалык тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

825