Хэллоуин майрамында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында тыгындан 150дөн ашык адам тебелендиде калып, 146 киши каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 29-октябрда, болгон. Анда Хеллоуин майрамына карата жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, аянтка да 100 миңдей киши чогулган. Массалык тыгын пайда болуп, аянттагы эл ызы-чуу болуп, бири-бирин тебелеп баштаган.
Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчилиги Итэвон районундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж болгон Кыргыз жарандарына дароо элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууну суранат. Байланышуу үчүн номер: 010-6891-2707.