7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

98 жашка чыккан ардагер милиция сыйланып, белектер тапшырылды

670

98 жашка чыккан Ала-Бука районун тургуну ИИОнун ардагери милициянын старшинасы Камалов Артык ардагер сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Аны менен катарлаш  Ала-Бука районунун милициянын старшинасы аксакал Камалов Артык  98 жаш кутман курагын белгилөөдө.

“Милициянын түзүлгөн жылында туулуп, ИИИдо кызмат өтөп, 1982 жылы ардактуу эс алууга чыккан ардагер бизди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович, Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Козукеев Азенбек Рахматуллаевич жана Ала-Бука районун ардегерлер кенешинин төрагасы ардактуу эс алуудагы милициянын майору И. Стамалиевдер  барышып, ардагерге бекем ден-соолук каалап  куттукташып, атаган белектерин тартуулашты. Ал эми 98 жашты белдеген ардагерибиз формачан кесиптештерин көрүп чымырканып, кубанычы кучагына толуп, алакан жайып жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде токчулук болушун каалап келген конокторго ак батасын берди”,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671