7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАКнын делегациясы Казакстандын Ички иштер министрлигинин Костанайдагы академиясына барды

350

Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Костанай шаарындагы Ш.Кабылбаева атындагы Академиясында иштеген кесиптештерине иш сапары менен барышты.Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, топтун курамына ЖАКнын окуу борборунун башчысы Б.Абдрахманов, башкы штабынын башчысы Б.Калыгулов, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү кирди.

Негизги максат – Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу тутумунун комитетине баш ийген жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлерин окутуу боюнча тажрыйба алмашуу.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында ЖАКнын делегациясы экстремисттик идеологияга каршы туруу жаатында пробация кызматынын адистерин жана пенитенциардык тутумдун адистерин даярдоочу борборлордун иши менен таанышты. Ошондой эле Нельсон Манделанын эрежелерин изилдөө борборунда «Билим берүү жана илимий ишмердүүлүктүн биримдиги кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга шарт түзгөн шарттар катары» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Мындан тышкары, коноктор үчүн Казакстандын пенитенциардык тутумунун жана анын кадрдык курамынын презентациясы көрсөтүлүп, пенитенциардык тутумдун окуу комплексине экскурсиялар өткөрүлүп, ошондой эле, академиянын музейин көрсөтөштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин билимин жана тарбиясын уюштуруу, академиянын илимий ишмердүүлүгү, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду де-радикализациялоо жаатындагы кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, психологиялык билим берүүнүн өзгөчөлүгү сыяктуу маселелер каралды.

Иш сапардын көрүнүктүү жыйынтыктарынын бири болуп ИИМдин Костанай академиясы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЖАКнын Окуу борборунун ортосунда билим берүү жана илимий-изилдөө иш-чаралары боюнча өз ара уызматташуу тууралуу меморандумдун түзүлгөнү саналат.

Мунун аркасында нормативдик, укуктук, билим берүүчү, статистикалык жана башка эки тарапты кызыктырган маалыматтарды алмашуу мүмкүн болот. Мындан тышкары, билим берүү жана агартуу тармагында биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий-практикалык иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

351