7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултай: Ала-Буканын 8 айыл өкмөтүндө курултайга делегаттарды шайлоо өтүп жатат

730

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 8 айыл өкмөтүндө курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, жыйын саат 10:00дө башталып,  саат 12:00гө карата 4 айыл өкмөттө жыйын жогорку деңгээлде аяктап, дагы 4 айыл өкмөттө жыйын жүрүп жатат. Райондон жалпы 16 делегат шайланат.

Президенттин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгына ылайык, чакырылган Элдик Курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:
— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;
— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат;
— конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат.
Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:
— 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);
— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
— Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731