7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды (ФОТО)

580

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстанга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581