7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп жатат

605

Жалал-Абад шаарында  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, багар-көрөөрү жок карыялар, жалгыз бой энелер, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз медициналык кароо жүгүзүлүүдө.

Иш-чара 3-декабрь-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтүп жатат. Эки күн аралыгында эле Жалал-Абад шаардык Социалдык дарылоо реабилитациялык борборунун даыргерлери тарабынан УЗИ аппараты аркылуу 100 жаран текшерүүдөн өткөрүлүп, дарыгерлер тарабынан кеңештер берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, карыларга жана мүкүнчүлүгү чектелген жарандарды камкордукка алуу боюнча  бир айлык жарыяланган. Анын алкагында тарачтарга жана мончого алып баруу сыяктуу камкордуктар жасалат. Мындан сырткары  «Баарлашуу жээги» уюштурулган. Ал жерде карылар бири-бири менен баарлашып, түрдүү жумуштар менен алектене алышат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606