7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардагы дүйнө чемпионаты. ФИФАнын саммитине Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги катышты

673

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында өткөн ФИФАнын саммитине Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино ФИФА-2022 аткаруучу саммитинде Дохада мүчө ассоциациялардын делегаттарына куттуктоо сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды футбол аркылуу биригүү жана глобалдык оюнду өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууга үндөдү.

Саммитте ФИФАнын кеңири спектри боюнча маалымат берилди. Делегаттар жылдын соңуна карата финансылык прогноздорду айтышты. Инфантино ошондой эле дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясына жана башка кризистерге карабастан, ФИФАнын жыл жыйынтыгы боюнча кирешеси 7,5 млрд долларды түзөрүн, бул бюджетте каралгандан 1 млрд доллардан көп экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, 32 команда катышкан футбол боюнча 22-дүйнө чемпионатынын ачылышына КФСтин президенти Медербек Сыдыков, CAFA’нын вице-президенти, КФСтин аткаруу комитетинин мүчөсү Дастан Конокбаев, КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев катышкан Кыргыз футбол бирикмесинин делегациясы да катыша алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674