7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик органдардагы бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду

641

Президент Садыр Жапаров «КРнын президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «КРнын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө «Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Жарлыкка ылайык,  президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду.

Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет: 

  •  Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.
  •   Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)
  • Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642