7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Арменияга болгон иш сапары аяктады

544

Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына 23-ноябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп берүү үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

ЖККУнун ЖКК сессиясынын жыйынтыгында Уюмга мүчө мамлекеттердин — Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун Башкы катчысы болот.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 24-ноябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545