Өлкөдө 23-ноябрга карата республика боюнча 120 миңден ашуун өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо Министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул максаттуу топтун 50%ын түзөт. Эмдөө мектептердеги медициналык борбордо бекер жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВга каршы вакцинасы алынат. Вакцина 6 ай аралык менен эки жолу жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, ушул жылдын ноябрь айынан баштап КРнын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11 жаштагы кыздарды АПВга каршы эмдөө башталган.