7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кудайберген базары мамлекетке 70 млн сомдун тегерегинде салык төлөбөй койгонбу?

572

Бүгүн 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКнын кызматкерлери коркутуп жатканын айтып чыкты. Ага жооп кылып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Депутат Эльвира Сурабалдиева «УКМКнын кызматкерлери коркутуп-үркүтүп салык боюнча маселелерди көтөрүүдө»,- деп айтып жатат. Бул маселе мындай. Бир нече маселелерди ачканга мажбур болуп жатам… Эльвира Сурабалдиеванын өзүнүн, бир туугандарынын карамагында Кудайберген деген базар бар. Ал базарда 3 миңден ашык контейнер бар. Булар ар бир контейнерден 2 миң 3 миңден жыйнадык деп отчет беришет. Эң аз жыйнаганы 7 миңден 15 миңге чейин жыйнашат. Ошол жерде салыктардын баары эсептелип чыккан…. Муну УКМК эсептеп чыкпайт, биз тапшырма бербейбиз. Атайын кызмат салыктардын баарын эсептеп чыкканда Кудайберген базары мамлекетке 70 млн сомдун тегерегинде салык төлөбөй коет. Бул боюнча акт түзүлгөн жана муну алар төлөөгө милдеттүү. Бул элдин мамлекеттин акчасы…Туура эмес маалыматтарды таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге мыйзамсыз мамиле кылбайбыз»,- деди Камчыбек Ташиев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573