Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу дарегине айтылып жаткан пикирлер боюнча оюн билдирди.
«Менин дарегиме айтылган сөздөргө жооп берейин. Иш сапарга байланыштуу бул жактагы маселелерге аралашалбай сыртта болуп калдым. Бирок, ошентсе да бул жактагы маалыматтарды өз убагында алганга аракет кылып жаттым. Мен 90 депутатты коргойм ата болом, эне болом, ага болом деп убада берген эмесмин. Бирок менин милдетим сиздерди коргоо. Мен милдетимди так аткарам. Бул жерде бир гана Өмүбек Бакиров жөнүндө гана эмес, ЖКнын депутаты жөнүндө сөз болуп жатат. Бул маселе жагымсыз көрүнүш болду. Жөн калбайт, чара көрүлөт… Кайра кайталанбашы үчүн чекит коюшубуз керек. Экинчиден, мыйзамсыз көрүнүштөргө биз парламент жол бербешибиз керек. Биздин иш башкармалыкты берип салуу абдан туура эмес болгон. Ошонун далили ушул. Өзүбүздүн имаратыбызга өзүбүз кожоюн боло албай олтурабыз. Бул маселеге кайрылышыбыз керек сөзсүз түрдө. Эми бул маселени чоң саясатка айландырбай ички маселе катары карап өзүбүз чечебиз, карайбыз. Мындан башка көп көйгөйлүү маселелер турат өлкөбүздө…»,-деди төрага.