7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов Кайтаруу жана күзөтүү департаментине барды

657

Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин футбол талаасында ойноду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жазаларды аткаруу кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинде дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарды өздүк курам менен жолугушууга чакырууну адатка айланткан.

Эскерте кетсек, 6-ноябрда ММА жана UFC стили боюнча бир нече жолку чемпион Валентина Шевченко келип кеткен. Ал эми, өткөн дем алыш күндөрү аскер кызматкерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш болуп, ага спорт чөйрөсүндө таанымал болгон Гүлжигит Алыкулов катышты.

Оюндан кийин департаменттин клубунда Гүлжигит футболдун күйөрмандары, жоокерлер менен жолугуп, алардын бир топ түрдүү суроолоруна жооп берди. Андан соң департаменттин музейинде да болуп, ардактуу коноктордун китебине каалоо тилегин калтырды.

Жергиликтүү «Дордой» футбол клубунун тарбиялануучусу Алыкулов Түркия, Белоруссия, Казакстандын ар кайсы командаларында ойноп, бул командалардын жеңишине эбегейсиз салым кошууга жетишкен. Ал Кыргызстандын курамасында дебюттук оюнун 2019-жылдын июнь айында Палестина менен болгон беттеште өткөргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658