Баткен облусунда лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектептин филиалы жабылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган облустун аймагында жалпысынан 27 автомектеп бар. Анын ичинен 5 спорттук-техникалык коргонуу уюму мекемеси (ДОСАФ), 10 кесиптик лицейи жана 12 жоопкерчилиги чектелген коом мекемелери бар.
Текшерүүнүн жыйынтыгында КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 1-2 бөлүмүнүн негизинде 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алгандыгы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылды.