7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 20 жылдан ашуун эмгектенген имамга 750 миң сомдук автоунаа белек кылышты

1085

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Чагыр айылында жайгашкан «Шананов Орозмамат ажы» атындагы мечиттин имамы Анвар ажы Акрамовго жергиликтүү тургундар 750 000 сомдук Хонда JAZZ үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү жамат имамдын элине, жерине кылган кызматын баалап, ушундай белек менен ыраазычылык билдиришкен.

«Мечитибиздин имамы Анвар ажы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Анвар ажы адептүү, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан, бул киши баарыбыздын устазыбыз. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Имамыбыз мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз», – деп билдирди мечит жамааты.

«Кадырман калкыбыз ар убак имамдарды сыйлап келишкен. Жергиликтүү жамаат тарабынан көрсөтүлгөн мындай сый-урмат жана колдоо албетте, имамдарга дем-күч берет. Дин кызматкерлерин колдогон адамдарды Алла Таалам колдосун», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Белгилей кетсек, Анвар ажы Акрамов аталган мечитинде 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1086