“Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
«12-февралда тергөө сотунун чечими менен И.А.О.га карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин №21 мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды. Ошондой эле сот Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулун ушул жылдын 9-апрелине чейин үй камагына чыгарды»,- деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.