Бүгүн, 20-февралда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 020 адамга жетип, 110 000 адам жарадар болду.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору Түркиядагы куткаруу иштерин бүтүрүүгө даярданууда. Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө урандылардын астынан 8 тирүү адам жана 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды.
- Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарабына өткөрүлүп берилди.
- Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) Анкарадагы борбордук кеңсеси менен бирге Кыргызстандан келген куткаруучулардын кызматынын аякташы жана мекенине жөнөтүлүшү боюнча чечим кабыл алынат.
- Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркияга болгон боордоштук жардамы, анын ичинде жабыркагандар үчүн боз үй шаарчасын түзүү, дары-дармектер, ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ийгиликтүү издөө-куткаруу иштери, түрк коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.
- Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүп жатышат.
- Жалпы координациялоону Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Р.Казакбаев жүргүзүүдө. Түркиянын Президентинин Администрациясы, Тышкы иштер министрлигинин кризистик борбору, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) борбордук жана жергиликтүү түзүмдөрү, жабыркаган облустардын губернаторлору жана шаарлардын мэрлери менен дайыма байланыш түзүлүүдө.
- Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде, ошондой эле Кахраманмараштагы AFAD лагеринде күнү-түнү иштеген убактылуу ыкчам штабдардын иши уланууда. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы
- Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда