7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКТ мүчөлөрү жаранды үч күн коркутуп, акча талап кылышкан

661

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин, аталган А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 АКШ доллар талап кылышкан.

Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662