7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудовго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

608

Акжол Махмудовго«Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды. Облус башчысы Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, “Ош облусунун Ардактуу атуулу” наамы жана акчалай сыйлык тапшырды.

Ошондой эле машыктыруучусуна да Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов — грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609